Зеленский Орусиядагы учак кырсыгын эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кылат

Украинанын президенти Владимир Зеленский шаршембиде Белгород облусунда орусиялык Ил-76 аскердик учагынын кыйрашы боюнча комментарий берди.

"Орусиялыктар украин туткундарынын өмүрү, алардын жакындарынын сезими жана биздин коомчулуктун маанайы менен ойноп жатышат", - деди Зеленский. Ал кырсык тууралуу Коргоо министрлигинин, аскер чалгын кызматынын жана башка мекемелердин маалыматтарын укканын айтты.

Украин президенти ошондой эле учактын кыйрашын эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кыларын билдирди.

"Так фактыларды аныктоо зарыл. Учак Орусиянын аймагында, биздин көзөмөлүбүз жок жерде кулаганын эске алуу менен, болушунча так иликтөө керек".

Владимир Зеленский өлкө аймактарына сапарын токтотту, 25-январда ал 46 жашка толду.

Орусияда 24-январда украиналык туткун аскерлерди алмаштыруу үчүн ташып бараткан учак кырсыкка кабылганын орус Коргоо министрлиги маалымдаган.

Мекеме билдиргендей, окуя Белгород облусунда болду. Ил-76 учагынын ичинде украиналык 65 туткун жана Орусиянын тогуз жараны (экипаждын 6 мүчөсү жана коштоочу 3 киши) бараткан.

Жергиликтүү басылмалар жарыялап жаткан видеолордон жана сүрөттөрдөн кулап бараткан учактан кийинки жарылууну, түтүн чыгып жаткан жерди аскер кызматкерлери курчап турганын көрүүгө болот.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков азырынча эч кандай комментарий бере албай турганын, себеби маалымат чогултуу жүрүп жатканын айтты.

Украин бийлиги 24-январда Орусия менен туткун айырбаштоо пландалганын ырастаган.

Дагы караңыз

Алсунун абактагы 100 күнү: Эртең бардыгы башкача болотДепутат Эмил Жамгырчиев 26-февралга чейин камалды АКШ: Трамп кайрадан Байден менен беттешүүгө дагы бир кадам таштады 24-январь: "Кемпирабадчылар" арызданды, 11 журналисттин иши, Орусияда учак кулады