24-январь: "Кемпирабадчылар" арызданды, 11 журналисттин иши, Орусияда учак кулады

24-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Сот Украинадагы согушка катышкан жаранды абактан бошотту

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен кесилген Аскар Кубанычбек уулун жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошотту. Ал сотто Орусиянын жарандыгын алууга документтерин тапшырганын айтты. Украинада "гуманитардык жардам жеткирүүгө гана жардам бергенин, буга өкүнбөй турганын" кошумчалады. Былтыр 30-августта Жогорку Сот Кубанычбек уулуна чыккан мурунку сот чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөткөн. Былтыр 16-майда Биринчи Май райондук соту аны “Жалданмачылык” менен айыптап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Буга чейин орус бийлигини өкүлү Кубанычбек уулун бошотуу өтүнүчү менен Бишкекке кайрылса, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова ага орус паспортун берүү маселеси каралып жатканын билдирген.

Бишкекте кармалган 11 журналист тергөө абагына которула элек

16-январдан бери камакта жаткандардын жакындары өлкө бийлигине, Акыйкатчыга жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун жетекчисине кайрылды. Алар "массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча" шек саналып, эки айга тергөө абагына камалган 11 журналист соттун чечимине карабай, милициянын убактылуу камоочу жайында отурганына нааразылык билдирди. Катка кол койгондор кармалгандардын баары жашаялмет экени, ар биринин үйүндө оорулуу же кары-картаң ата-энелери, жаш балдары (арасында майыптыгы барлары бар) бардыгы, ошол эле учурда көпчүлүк журналисттердин өздөрүнүн ден соолугу начар экени белгилеп, аларды үй камагына чыгарып берүүнү бийлик өкүлдөрүнөн өтүнүшкөн. “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

"Кемпир-Абад" иши боюнча айыпталгандар абакта басым болуп жатканына даттанышты

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткандар жабык жайдагы кызматкерден кысым көрүп жатканы тууралуу айтканын укук коргоочу Рита Карасартова сот башталар алдында тасмага тартып, Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. "Түнкү саат 12ден кийин кызматкерлер камераларга келип, тинтүү жүргүзүп, түнү бою уктатпай, эшик-терезелди такылдатып, коридордо кыйкырып жатышат. Бирок биз буга сынбайбыз", - деп айткан видеодо айыпталуучулардын бири, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев. Дагы бир айыпталуучу Темир Махмудов да кыйноо тууралуу адвокатына билдирген. Жаза аткаруу кызматы комментарий бере элек. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активист 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта алардын ондон ашыгы тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Лондон: Санкциялар дирекциясынын өкүлдөрү Бишкекке келди

Бишкекте эки күн бою алар кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, техникалык жардам жана консультация берүү маселесин талкуулашат. Британ элчилигинин маалыматына караганда, жолугушууда Британиянын Common High Priority тизмесинде жарыяланган санкцияланган товарларга көңүл бурулуп жатканы белгиленет. Лондондун өкүлдөрүнүн Кыргызстанга экинчи ирет келиши. Британия Европа биримдиги менен катар эле Бишкекке Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүшүнө жардам бербөөсүн эскертип келет.

Орусияда Ил-76 аскердик учагы кыйрады

Белгород облусунда украиналык согуш туткундарын айырбаштоо үчүн салып бараткан учак кырсыкка кабылганын Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Ил-76 учагынын ичинде украиналык 65 туткун аскер жана Орусиянын тогуз жараны (экипаждын алты мүчөсү жана коштоп бараткан үч киши) бараткан. Белгород облусунун губернатору учактагылардын "баары каза болгонун» билдирди. Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик учакты Украинанын куралдуу күчтөрү атып түшүргөнүн жарыяласа, Киев расмий билирүүсүндө пландалгандай согуш туткандарын алмашуу болбой калганын ырастап, бирок кырсыкка учураган учак тууралуу так эч нерсе айткан жок.

Reuters: Израил менен ХАМАС атышууну 30 күнгө токтотууну макулдашты

Израил жана ХАМАС тобу (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) атышууну 30 күнгө токтотуп, Израилде камакта жаткан палестиналыктарды жана Газада барымтада турган туткундарды бошотуу тууралуу баштапкы макулдашууга келишкенин Reuters агенттиги өз булактарына таянып маалымдады. Бирок согушту токтотуунун шарттары боюнча маселеде мунаса табылбай жатканы белгиленет. Израил жана ортомчу өлкөлөр – АКШ, Египет жана Катар – барымтадагыларды бара-бара бошотуу шарттарын талкуулап, cүйлөшүүлөрдү этап-этабы менен жүргүзүүгө умтулууда. Тель-Авив расмий комментарий бере элек. Бир нече булак билдиргендей, израилдиктер ХАМАСты таптакыр жок кылмайынча согушту токтотуу маселесин талкуулабай турганын белгилеген.

Азия Кубогу: Кыргызстан Омандын курама командасы менен беттешет

25-январда оюн Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович маалымат жыйын өткөрүп, "акшумкарлар" эртеңки беттешке даяр экенин айтып, команда мелдештин кийинки "баскычына чыгарына ишенем" деди. Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун тайпалык баскычында Кыргызстандын улуттук курама командасы эки беттеште - алгач Тайланд, андан кийин Сауд Арабиясы курамасына 2:0 эсебинде жеңилди.