Кыргызстанда түндө эки ирет жер титиреди

Кыргызстандын сейсмология институтунун маалымдашынча, 24-январь күнү саат 01:11де Кытайдын аймагында жер титирөө кайталанып, очогунда күчү 2.5 баллга жеткен жер титирөөнүн толкуну Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда да сезилген. Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында 2.5 балл, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллды түздү.

Ушул эле күнү саат 02:38де силкинүү Кытайдын аймагында кайталанып, очогунда күчү 6,5 баллга жеткен. Кыргызстандын Жети-Өгүз районунун Ыштык, Кара-Сай, Бедел, Ак-Шыйрак айылдарында да жер титиреп, күчү 3 баллды түздү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) баштапкы маалыматтар боюнча силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын билдирүүдө.

23-январга караган түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында 5 балл, Бишкекте 4 балл, Ташкентте 3 балл болгон.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл болуп сезилгенин кабарлаган.

Министрлик силкинүүнүн кесепеттерин аныктоо максатында жарандык коргонуу комиссиясын түзгөн. Учурда жер титирөөдөн жабыркаган имараттарды аныктап-тактоо иштери жүрүп жатат.(ZKo)

Дагы караңыз

"Кооперативге 1000 адамдык чектөө койдук, ашканы - каржы пирамидасы"Британия ТИМинин санкциялар дирекциясынын өкүлдөрү Бишкекке келди Гамбург соту Forbes журналына Усмановдун Путин менен байланышы тууралуу маалыматты таратууга тыюу салдыӨзбекстанда укук коргоочу Бобомурод Раззаков каза болдуТүркия Швециянын НАТОго киришине макулдугун берди