Онкологиялык бейтаптардын “Бонадагы” түнкү операциялары

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда жылына беш жарым миң кишиден залалдуу шишик аныкталат. Ал эми Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборуна жылына үч миңден ашуун аял келип кайрылат. Улуттук борборго кайрылган бейтаптар эмне себептен шаардагы “Бона” менчик клиникасына барып, 45-50 миң сом төлөп, операция жасатууга мажбур болорун иликтедик. Бул иште Улуттук онкология борборунун жетекчилиги менен менчик клиниканын ортосунда кызыкчылыктар кагылышы жокпу деген суроого жооп издедик.