ӨКМ жер титирөө боюнча маалымат берди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 23-январдагы жер титирөө боюнча расмий маалымат берди.

Анда айтылгандай, "Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 00:09да Кыргыз Республикасынын аймагында жер титирөө катталды. Жердин титиреши Ысык-Көл облусунун Каракол, Нарын облусунун Нарын шаарларында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер-жерлерде маалымат топтоп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө".

Мекеме "Кытайда жер титиреп, күчү 7 баллга жетти. Жердин силкиниши Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунда сезилди. Бишкекте жердин титиреши 4-5 баллга жетти" деп да билдирди.

ӨКМ кыргызстандыктарга кайрылып, жер кайрадан силкиниши ыктымал деген маалыматты четке какты:

"УРМАТТУУ ЖАРАНДАР! Социалдык түйүндөрдө жер титирөөнүн кайра катталышы мүмкүн экендиги тууралуу тарап жаткан фейк маалыматка ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз".

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын аймагында беш жолу жер силкинди. Алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 балл деп көрсөтүлдү. Калган төрт силкинүүнүн күчү 5 жана 5,5 баллдын тегерегинде болду.

Бишкекте да жер катуу силкингенин тургундар айтып жатышат.

Көпчүлүк тургундар, кабат үйлөрдө жашагандар азыркы тапта короого чыгып турушат.