Ломбард иши тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда

Ломбард. УКМКнын сүрөтү (архив)

Министрлер Кабинети демилгелеген "Ломбард иши чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетети 2-окууда карады.

Анда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат берип, мыйзамга ылайык ломбарддарга күрөөгө кыймылсыз мүлк алууга тыюу салынарын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков ломбарддар кыймылсыз мүлктү курөөгө алып, сатуу менен көмүскө алектенип келе жатышканын айтты.

"Бул популизм эмес. Жарандын 5 млн сомдук үйүн тең жарымына арзан баалап туруп, сатуу-сатып алуу келишими аркылуу сатып жиберген ломбарддар бар. Ошол ломбарддар сиз айтып жатан мыйзамды кыйгап өтүп, иштеп жатышат. Муну сиз билбесеңиз биз билебиз, Ошондой эле ломбарддар кардар алган насыясын убагында төлөй албай калса, анын пайызына үстөк пайыз алышат".

Министр Амангелдиевдин маалыматына ылайык, 2023-жылдын декабрына карата өлкөдө 773 ломбард катталган. Булардын ичинен былтыр 150дөй ломбарддын иши түрдүү себептер менен токтотулуп, лицензиясы алынган.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, былтыр 11 айда ломбарддардан 70 миллион сом салык түшкөн. (ZKo)

Дагы караңыз

Ошто бала бакчанын жетекчиси пара берүүгө айыпталып кармалдыЗеленский: Орусия агрессия баштабаса миңдеген адамдын өмүрү кыйылмак эмесТургунбеков Мүлктү башкаруу агенттигинин директору кызматынан бошотулдуСуу тартыштыгынан 42,5 миң гектар жер иштетилбей калдыАзия Кубогу-2023: "Акшумкарларды" сүрөгөн күйөрмандарСузакта сабалган келиндин абалы туруктуу оор деп бааланууда