Зеленский: Орусия агрессия баштабаса миңдеген адамдын өмүрү кыйылмак эмес

Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт.

«Агрессияны баштаган Орусия өзү агрессиядан эң көп жабыркай турганын сезиши керек» деген пикирин Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди. 21-январдын кечиндеги кезектеги видеокайрылуусунда ал Орусиянын жоопко тартылышын аскердик, санкциялык, юридикалык жана саясий жолдор менен улам жакындатып келаткан бардык тараптарга ыраазычылыгын айтты:

«Орусия жасап жаткан бардык террору үчүн жоопко тартылышы керек жана тартылат. Эгерде Москва бул агресссияны жана террорду баштабаса миң-миндеген адам бүгүн түрүү калмак. Орусияны акыйкат сот жообуна индивидуалдык деңгээлде да тартуу маанилүү, анткени ар бир согуш кылмышкери жана ар бир террорист жазасын алышы керек”.

22-январга караган түнү, расмий Киевдин билдиришинче, Орусия Украинанын аймагына сегиз жолу учкучсуз учактар менен чабуул жасады. Бутага Николаев, Херсон, Днепропетров жана Кировоград облустары алынганы, согуш талаасында 68 жерде кагылышуу болгону кабарланды.

Украин аскерлери Харьков облусундагы Крахмальное айылынан чыгып кеткени 21-январда расмий тастыкталган.

Донецк аймагынын Москва дайындаган бийлиги жекшемби күнү фронт тилкесинен анча алыс эмес аймакта жайгашкан «Меркурий» базарындагы бир нече жарылуудан каза болгондор 27ге жеткенин, дагы 25 адам жараат алганын билдирүүдө. Орус тарап бул үчүн Украинаны күнөөлөөдө. Украин аскерлери эч тиешеси жоктугун айтууда. (RK)

Дагы караңыз

Суу тартыштыгынан 42,5 миң гектар жер иштетилбей калдыАзия Кубогу-2023: "Акшумкарларды" сүрөгөн күйөрмандарСузакта сабалган келиндин абалы туруктуу оор деп бааланууда23-январда жаан-чачын болбойт