Тургунбеков Мүлктү башкаруу агенттигинин директору кызматынан бошотулду

Канатбек Тургунбеков президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда. Архивдик сүрөт.

Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгону 22-январда маалымдалды.

Тургунбеков бул кызматка 2023-жылдын 27-февралында дайындалган. 2021-жылдан бери Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси болуп иштеген. Ага чейин президенттик шайлоо учурунда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун штабын башкарган.

2020-жылы 4-октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын штабын жетектеген.

Анын ордуна ким келгени маалымдала элек.

Дагы караңыз

Азия Кубогу-2023: "Акшумкарларды" сүрөгөн күйөрмандарСузакта сабалган келиндин абалы туруктуу оор деп баалануудаКыргызстандагы "ыйык булактар" жок болуп баратабы?Сүлүктүдө милиция 14 жаштагы кызды зордуктоого шектүүнү кармады