Азия Кубогу-2023: Кыргызстан Сауд Арабиясына 0:2 эсебинде жеңилди

Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын улуттук курама командаларынын Азия кубогунун тайпалык баскычындагы беттеши. 22-январь, 2024-жыл. Эр-Райян шаары, Ахмед бин Али стадиону.

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун тайпалык баскычында Кыргызстандын улуттук курама командасы Сауд Арабиясынын оюнчулары менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилди. Оюн 22-январга караган түнү Эр-Райян шаарындагы Ахмед бин Али стадионунда өттү. Беттештин жүрүшүндө Кыргызстандын эки футболчусуна кызыл айып кагазы берилип, оюндан четтетилип, кыргыз футболчулары эки оюнчуга кем ойношту.

9-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Айзар Акматовго одоно эреже бузду деген негизде кызыл айып кагазы берилип, оюндан четтетилди. 35-мүнөттө Сауд Арабиясынын жарым коргоочусу Мохаммад Кано гол киргизип, эсепти ачты. 51-мүнөттө Кыргызстандын жарым коргоочусу Кими Мерк кызыл айып кагазын алып, ал дагы оюндан чыкты. 84-мүнөттө Сауд Арабиясынын жарым коргоочусу Фейсал Аль-Гамди гол киргизип, командасынын артыкчылыгын бекемдеди.

Бул оюн Кыргызстандыктар үчүн Азия Кубогу-2023 мелдешинин тайпалык оюндарындагы экинчи беттеши. Буга чейин кыргыз футболчулары 16-январда Тайланд курамасы менен оюнда 0:2 эсебинде жеңилген.

Азия Кубогуна даярдануу үчүн кыргызстандыктар жалпы төрт жолдоштук беттеш өткөрүп, Өзбекстанга 4:1, Бириккен Араб Эмираттарынын курамасына 1:0 менен утулса, Сирия менен тең ойноп, Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди. Башкы машыктыруучу Штефан Таркович Катарга жаңыланган команданы алып барды. Курамдын лидери деген бир нече оюнчу, анын ичинде жарым коргоочу Алимардон Шүкүров, коргоочу Валерий Кичин жараатынан улам мелдешке катышкан жок.

Кубок үчүн 24 улуттук курама команда катышууда. Жалпы алты тайпага төрттөн курама бөлүнгөн. Мелдештин жүрүшүндөгү 51 беттеш Катардагы тогуз стадиондо өтөт.

12-январда башталган мелдеш 10-февралга чейин уланат. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.

Кыргызстан курамасы F тайпасында ойноп жатат. 21-январда бул тайпада Оман менен Тайланд курамасы беттешип, 0:0 эсебинде тең чыкты. Буга чейин Сауд Арабиясы Оманды 2:1 эсебинде уткан. Учурда эки оюндан кийин алты упай менен Сауд Арабиясы тайпада көч башында келатат. Тайланд курамасында төрт упай бар. Омандын шыбагасына бир упай тийген. Кыргызстанда азырынча упай жок. Эми 25-январда Оман менен беттешет.

Кыргызстандын курама командасы ушуну менен экинчи ирет Азия Кубогуна катышууда. 2019-жылы "Акшумкарлар" 1/8 финалга чейин жеткен. (ECh)