Баткен: бир жылда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 327 учур катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 2023-жыл ичинде Баткен облус аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун 327 учуру катталып, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан 327 коргоо ордери берилген. Маалымат Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешмесинде маалымдалды.

Баткен облустук милициясынын жыйынында жер-жерлерде зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш мерчемдер бекитилди. “Учурдун көйгөйү болуп жаткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу, катталган арызга ыкчам жана адекваттуу иликтөөлөрдү жүргүзүү - бул биздин түздөн-түз милдетибиз. Зомбулуктун курмандыктары көбүнчө аялдар же жаш балдар болуп калып жатат. Ошондуктан ар бир милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү өздөрү тейлеген аймактын жашоочулары менен тыгыз иш алып баруусу зарыл”- деп айтылат милициянын маалыматында.

2-январда Кадамжай районунун аймагында 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин жолдошунун ур-токмогунан каза тапкан. Келиндин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, күйөөсү кармалган.

Маркум Айкыз Калмурза кызы былтыр жайында да күйөөсүнөн таяк жеп, 10 күн ооруканада дарыланганын, милицияга жазган арызы каралбай калганын анын жакындары “Азаттыкка” билдирген.

Ички иштер министрлигине 2023-жылы Кыргызстанда 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп. 2022-жылы жалпы өлкө боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 9880 учуру катталганын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдаган.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталды. (JsA)