Пакистан Иран менен өз ара алакасындагы чыңалууну каалабайт

Пакистандын тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани.

Пакистан кошуна Иран менен өз ара алакасындагы чыңалууну “каалабайт жана ага кызыкдар эмес”. Бул тууралуу Пакистандын тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани 19-январда билдирди. Өзөктүк куралга ээ эки кошуна мамлекет соңку күндөрү бири-бирине жасаган ракеталык соккулардан жалпы 11 кишинин өмүрү кыйылды.

16-январда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясына ракета аткан. Анда эки баланын өмүрү кыйылганы маалымдалган. Иран Пакистандын аймагында жашырынып жүргөн ирандык террорчуларды бутага алганын түшүндүрүп, Исламабадды бир тууган жана кошуна мамлекет деп атаган.

Бул окуядан кийин Исламбад Тегерандагы өз элчисин чакыртып алып, Ирандын “мыйзамсыз кол салуусуна жооп берүү укугу бар экенин” билдирген.

18-январдын таңында Пакистан коңшу Ирандын аймагында жоочулар жашырынган жайларга сокку урганын билдирген. Тегеран тараткан маалыматка ылайык, чабуулда кеминде тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Алардын арасында төрт бала, үч аял бар.

16-январда Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын Күрдистан автоном аймагынын борбору Эрбилге жасаган соккуларынан бир нече карапайым тургундун өмүрү кыйылган соң Ирак дагы Тегерандагы өз элчисин чакыртып алган. Иран алардын соккусу Ирак менен Сириянын аймагына жасалган чабуулдары “тыңчылардын кеңсесине” жана “террордук жайларына” багытталганын билдирген.

Дагы караңыз

Казак парламенти Жакынкы Чыгышка бейпилдик күчтөрүн жиберүүнү чечтиСадыр Жапаров камалган журналисттер тууралуу пикирин билдирдиНАТО Европада соңку 40 жылдагы эң ири машыгуусун өткөрөт