Токтогул суу сактагычында суу 10 млрд метр кубдан аз калды

Токтогул суу сактагычына акыркы 2-3 жылдан бери суу аз чогулууда. 2022-жылы тартылган сүрөт.

19-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 866 млн метр кубду түздү. Бул бир ай мурунку көрсөткүчтөн туура 1 млрд метр кубга аз. 19-декабрь күнү суу сактагычта 10 млрд 872 млн метр куб суу болгон. Так бир жыл мурун болсо, былтыр 19-январда, суу сактагычта 10 млрд 153 метр куб суу болгон.

"Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын маалымдашынча, бүгүн, 19-январда суу сактагычка секундуна 184 метр куб суу агып кирсе, кайра секундуна 690 метр куб суу агып чыгууда.

Токтогул суу сактагычынын чөйчөгүнө 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган.

Акыркы жылдары суу сактагычка суу аз топтолууда. Суунун тиешелүү өлчөмдөн аз топтолушу Кыргызстанда электр энергиясынын таңсыктыгына алып келет.

Энергетика министрлиги быйыл кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбосун, таңсыктыкты жоюу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Орусия менен электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдер түзүлгөнүн маалымдаган.(ZKo)

Дагы караңыз

ИИМ: Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук бир жылда 32% көп катталдыНетаньяху көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүү демилгесин четке какты Алиянын өлүмү: Медициналык борбордун директору кызматтан алындыАКШ кыргыз бийлигин журналисттин эркин иштөөсүнө шарт түзүүгө чакырды Түркияда Интерпол издеген кыргызстандыктар кармалды"Башкырлар жерин, тилин коргоп калууга умтулат"