Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая 19-январда Х баракчасына жазды. Министр атайын операцияда 42 чет өлкөлүк кармалганы, алардын арасында Кыргызстанда изделип жаткан шектүүлөр да бар экенин билдирди.
"13 облуста "KAFES-31" операциясында Интерполдун издөөсүндө жүргөн 12 өлкөнүн 42 жараны кармалды. Операция уланууда" , - деди Йерликая.
Кармалгандар Германия, Азербайжан, Босния-Герцеговина, Иран, Швеция, Финляндия, Казакстан, Кыргызстан, Египет, Орусия, Түркмөнстан жана Өзбекстанда кылмыштуу топ түзүү, адам сатуу, курал соодасы ж.б. оор кылмыштарга шек саналып, издөөгө алынган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу маалымат бере элек.
Түрк полициясы жыл башынан бери оор кылмыштарга шектүү 114 кишини кармаган.
"KAFES" операциясынын алкагында Түркияда ушул айдын башында Интерпол издөөгө алган дагы ондогон чет өлкөлүк кармалган.