Индияда кайык кырсыгынан окуучулардын өмүрү кыйылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Индияда жаратылышка эс алганы чыккан мектеп окуучуларын ташып бараткан кайык кырсыкка учурап, кеминде жети баланын өмүрү кыйылганы белгилүү болду. BBCнин маалыматына караганда, кырсык бүгүн 18-январда Гужарат штатындагы Харни Мотнатх көлүндө болгон.

27 окуучу (айрым маалымат боюнча 23) окуучу бараткан кайык оодарылып кеткен. Жеринде куткаруу иштери жүрүп жатат, беш баланы суудан аман алып чыгышты, каза тапкандар кеминде жетөө, бул сан дагы көбөйүшү ыктымал экени кабарланды.

Маалыматтарга караганда, жеке мектепте окуган балдар көлгө экскурсияга чыгышкан, биринде да сууга чөктүрбөй турган күрмөсү болгон эмес.

Дагы караңыз

Пакистан менен Иран бири-бирин ракетадан аткылады CHRI Ирандагы төрт этникалык күрддү өлүм жазасынан алып калууга чакырдыКечки Азаттык (3-чыгарылыш) "Жазында үйлөнөм деп турган". Учкуч Жайыл тилегине жетпей калды