"Ак үй менен көк үйдү апкаарыбай сындаган". Элмирбекти шакирттери эскерди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Атактуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 17-январда 46 жашка чыкмак. Акындын туулган күнүн утурлай "Айтыш" коомдук фондундагы шакирттери өзү түптөп кеткен “Төкмө келсе төр бошот” долбоорунун негизинде эскерүү концертин тартуулашты. Акындын жаркын элесин эскерген иш-чаралар Казакстанда жана Түркияда да өттү.