Киев урушту убактылуу токтотуу сунушун кабыл албайт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Харьковдун борборуна жасалган орус армиясынын соккусунан бир кишинин өмүрү кыйылды. 20 чакты адам жараат алды. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, алардын айрымдарынын абалы оор. Украин президенти Владимир Зеленский Давостогу экономикалык форумда согушту убактылуу токтотуу сунушун Киев кабыл албай турганын айтты. Ал эми Орусиянын лидери Владимир Путин жаңжал уланса "Украинанын мамлекеттүүлүгүнө доо кетиши мүмкүн" деп эскертти.