"Күч түзүмдөрүнө көзөмөлдү күчөтүп, адилеттүү сот системасын түзүш керек"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бир катар журналисттер камалып, 24.kg маалымат агенттигинин жетекчилери сурак берип жаткан маалда өкмөт сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору парламентке келип түштү.

Анда журналисттин жоопкерчилиги менен катар, эксперттердин баасы боюнча, сөз эркиндигин жана маалымат каражаттарынын ишин чектеген бир катар беренелер бар. Ушул жана башка маселелер тууралуу “Тандем” юридикалык коомчулугунун директору Таттуубүбү Эргешбаева “Азаттыкка” маек курду.