Еврокомиссия вице-президенти Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына кабатырлык билдирди

Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас (солдо) жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Бишкек. 15-январь, 2024-жыл

Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас Кыргызстанга жасаган сапары учурунда кыргыз бийлик ээлерине өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына кабатырлыгын билдирди. Бул тууралуу Еврокеңештин Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йосефсон 16-январда журналисттерге кабарлады.

"Демократиялык баалуулуктар Еврокеңеш үчүн өтө маанилүү, биз дайыма аны колдоп келебиз", - деди Йосефсон.

Элчи Маргаритис Скинастын Кыргызстандагы сапарынын мазмуну29-30-январда Брюсселде өтүүчү форумга даярдык болгондугун белгилеп, мамлекет жетекчилери менен жолугушууларда Евробиримдиктин өкүлдөрү сөз эркиндиги жана адам укуктары боюнча кабатырлыгын билдиргенин айтты.

"Еврокомиссиянын вице-президенти бул тууралуу үч жолугушууда тең айтты. Бул жаатта Евробиримдиктин жана Еврокомиссиянын так позициясы бар. Биз аны дайым айтып келебиз. Кыргызстан жарандык коому жана көз карандысыз маалымат каражаттарын барктаган демократиялык салттары менен белгилүү. Биз бул өлкө мындан ары да жигердүү жарандык коому жана эркин маалымат каражаттары менен өзүнүн аброюн сактап калуусун каалайбыз. Бул өлкөдө журналисттер кесиптик ишмердигин эркин жүргүзө алышы керек", - деди Мэрилин Йосефсон.

Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас Кыргызстанга 15-январда келип, президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка мамлекеттик жетекчилер менен жолугушкан.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы ондон ашык кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, аталган баракчаларда жапырт башаламандыкка чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгон.(ZKo)

Дагы караңыз

"Күмөндүү жагдайлардын негизинде айыптар тагылууда"Ысык-Көлдө күндөн энергия алуучу станция куруу мартта башталары айтылдыKG Group ишканасынан үй алгандар бийлик өкүлдөрү менен жолугуштуАкыйкатчы укук коргоо, сот жана прокуратура органдарын журналисттин укугун камсыздоого чакырды Журналисттердин кармалышы эркин медиага басымбы?