Беларуста дагы бир саясий туткун абакта каза тапты

Вадим Храсько.

Беларуста бийликтин “тыюу салган уюмга каржылык колдоо көрсөткөн” деген айыбы менен кармалган дагы бир киши абакта каза тапты. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун белорус кызматы 15-январда билдиргендей, 50 жаштагы саясий туткун, «донат иши» боюнча үч жылга эркинен ажыратылган Вадим Храсько 9-январда №3 колонияда көз жумганы белгилүү болду.

Абак администрациясы анын өлүмүнө пневмония себеп болгонун билдирди.

Белорустагы "Вясна" укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, анын башка да оорулары бар болчу.

Минск шаарынын тургуну, IT тармагында иштеп келген Храсько тагылган айыпты моюнуна албай турганын билдирген.

Буга чейин Белорустун абактарында үч саясий туткун каза болгону маалымдалган. (RK)