MBank кардарлардын акчасынын жоголушуна түшүндүрмө берди

MBank электрондук капчык кызматы кардарлардын эсебиндеги акчалардын дайынсыз болуп жатышын техникалык мүчүлүштүк деп атады.

Мобилдик банкинг кызматынын Инстаграмдагы жана Фейсбуктагы баракчасына 14-январда жарыяланган маалыматта техникалык өнөктөшү "КартСтандарт ПБ" ишканасында жаралган кыйынчылыктан улам эсептеги суммалар аз көрсөтүлүп жатканы айтылат.

MBank бул абал жекшембиде кечке чейин оңдолорун, бардык каражаттар калыбына келтирилерин белгилеп, кардарлардан кечирим сурады.

Акыркы күндөрү социалдык тармактардын колдонуучулары аталган электрондук капчыктагы акчалары күтүүсүздөн жоголуп калганын айтып, буга түшүндүрмө талап кылып жатышат. Нааразы болгондордун арасында 10 миң сомго чейин каражаты жоголгондор бар.

Кыргызстандыктар эң көп колдоно баштаган MBank - "Кыргызстан коммерциялык банкынын" мобилдик капчык кызматы. (SE)

Дагы караңыз

Газа тилкесинде согуш башталганына 100 күн болдуПрезидент Садыр Жапаров 2024-жылдын бюджетин бекиттиЖер мунапысы: арыздарды кабыл алуу апрелде аяктайт