Дүйшөмбү күнү көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Ош шаарында 12-декабрда тартылган сүрөт.

15-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде кар жаайт. Кыргызгидромет агенттиги күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир аймактарында катуу жаан-чачын болушу ыктымалдыгын, Чүй, Талас облустарына туман түшөрүн билдирди.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым учурларда секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз -4...+1,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз -4...+1,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 3...8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7,

Нарын облусунда түнкүсүн -8...-13, күндуз -3...-8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...-8°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -2…-4, күндүз 0…-2°.

"Азаттыктан" подкаст угуңуз

"Жер эне": Изилдөөчү мугалимди лаборатория түйшүгү кыйнап жатат "Борбор Азияда 5 млн киши жер которот". Климаттык өзгөрүүнүн кесепети "Майлуу, күчтүү тамактан өттө таш пайда болот""Айласыздан жашап жатабыз". Бишкектиктер ыштан кантип коргонот?