Түркияда түрк жарандары менен никеге туруунун саны боюнча өзбек аялдары экинчи орунду ээледи. 2023-жылдын статистикаcына ылайык, өзбекстандык келиндер сириялыктардан кийин гана турат. Түркия - кыргызстандык кыз-келиндер да миграцияга көп барган өлкөлөрдүн бири. Адистер соңку жылдары иштегени барып, турмуш куруп калган кыргыз кыз-келиндердин саны арбын экенин белгилешет. “Азаттык” борборазиялык келиндердин Түркиядагы жашоосуна кызыкты.
“Нике - жарандык алууга жол дешет…”
Ташкенттик Наргиза Унал 13 жыл мурун Түркиянын жараны Аднанбей Уналга турмушка чыккан. Бул убакыттын ичинде жубайлар үч балалуу болушкан. Түркияга келген Наргиза адегенде бир аз акча таап, анан кайра Өзбекстанга кайтууну ойлогон. Бирок болочок күйөөсү менен таанышкандан кийин анын планы таптакыр өзгөргөн.
“Мен ага ушунчалык ишендим, ошондо акыркы чечимди кабыл алуу үчүн бир гана сөз жетиштүү болду: "Мен сага асмандан айды алып берүүнү убада кылбайм, мен жөн гана өзүмдүн түгөйүмдү тапкым келет", - деди мага Аднанбей. Мен ага сүйүү үчүн эмес, ишенип турмушка чыккам. Күйөөм бир топ жаш улуу болгондуктан, анын жакындары жарандык алуу үчүн гана турмушка чыкканымды айтышты. Азыр болсо эч ким эч нерсе дебей калды”, - деп өз турмушун Наргиза "Азаттыктын" өзбек кызматына баяндаган.
Түркиядан бактысын тапкан дагы бир өзбек аял - Юлдуз Узунаслан. Ал 18 жылдан бери түрк күйөөсү жана балдары менен Стамбулда жашайт. Юлдуз Узунаслан - Өзбекстандын жарандарына юридикалык кеңештерди берген «Yıldız Permit» юридикалык компаниясынын жетекчиси.
“Түркиянын жарандарына турмушка чыккан же жаңыдан үй-бүлө курууну пландап жаткан өзбекстандык кыз-келиндер бизге көп кайрылат. Биз аларга керектүү документтерди чогултууга жардам беребиз. Аялдардын көбү Түркиянын жаранына турмушка чыгып, үч жылдан кийин жарандык алам деп ойлошот. Бирок бул андай эмес. Түркиянын жараны менен турмуш кургандан кийин, аял үй-бүлөлүк жашоого уруксат алат. Бул документ алгач бир жылга берилип, андан кийин эки жылга узартылат. Түрк полициясы жубайларга билдирбестен, аларды көзөмөлгө ала баштайт. Мисалы, кошуналарынан чындап эле чогуу жашап жатабы деп сурашат. Жубайлар миграциялык кызматка үй-бүлөлүк жашоого уруксат алуу үчүн барганда, кызматкерлер аларды өзүнчө бөлмөлөргө алып кирип, бул никенин жасалма экендигин аныктоо үчүн сүйлөшүү жүргүзүшөт. Мурда биздин кыздар жана аялдар түрк жарандары менен оңой эле жасалма нике кыйса, азыр бул дээрлик мүмкүн эмес. Түрк жаранына турмушка чыгуу оңой-олтоң иш эмес”, - дейт Юлдуз.
Түрк жарандарына турмушка чыккан кыргыз кыздары
Кыргызстандык келин Зуура Жакишева жолдошу менен Стамбулда жашайт. Жубайлар беш жыл мурун турмуш курушкан. Ал биринчи никеси менен эки жолго түшкөндөн кийин түрк улутундагы азыркы күйөөсү менен баш кошконун айтат:
“Күйөөм менен чогуу беш жылдан бери жашап жатабыз. Акыркы үч жыл расмий нике менен жашайбыз. Бул жакта турмушка чыккан кыз-келиндер абдан көп. Мен жакшы адамга туш болдум. Мурунку күйөөм балдар менен иши жок, каралашчу эмес. Бардык түйшүк менин мойнумда эле. Азыркы күйөөмө тийгенден кийин көзүм ачыла түштү. Көрсө, эркектердин аялдарга мамилеси башка турбайбы”.
Түркияда 2023-жылы жүз миңдеген чет өлкөлүк кармалып, депортация борборлоруна жиберилген. Алардын арасында кыргызстандын жарандары болгону да айтылган.
Түркияда жашап жаткан Минагүл Өмүрзакова документке байланыштуу кыйынчылыктардан улам да кыз-келиндер бул өлкөнүн жарандарына турмушка чыгууга макулдук берерин айтат:
“Акыркы жылдары Түркияда иштөө оорлоду. Каттоо жана документ маселеси оор. Ушул себептен улам да турмуш курган кыз-келиндер бар. Алар мыйзамдуу иштөөгө жол ачылат деп ойлошот. Негизи бул жакка келген кыз-келиндер көп. Алардын түрк жарандары менен турмуш курганына да түрдүү себептер бар. Бири сүйүшүп баш кошот. Дагы бири Кыргызстандан багы ачылбай же биринчи турмушунан кордук көрүп келип, бул жакта жаңы жашоосун баштайт”.
Расмий маалыматка ылайык, Түркияда учурда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын алты миңден ашыгы гана эмгек визасы менен иштейт. Эмгек мигранттардын басымдуу бөлүгү аялдар.
Түркиядагы нике
Түркия - Орусия сыяктуу эле борборазиялык мигрант аялдар үчүн эң чоң эмгек базарларынын бири. Бирок Орусиядан айырмаланып, Түркияда аялдар өзүлөрүнүн тили окшош, дини бир жергиликтүү калктын өкүлдөрүнө турмушка чыккан учурлар көп кездешет.
Түркиянын статистикалык уюмунун (TÜIK) маалыматына караганда, 2022-жылы өлкөдө 34,7 миң түрктүн чет элдиктер менен никеси катталган. Анын ичинен чет элдик келиндер менен 28,6 миң нике кыйылган. Түрк эркектеринин көбү сириялык (13,2%), өзбекстандык (11,1%) жана азербайжандык (8,9%) келиндерге үйлөнгөн.
Акыркы жылдары түрк бийлиги жашоого уруксат алуу же жарандык алуу үчүн түрк жарандары менен чет элдиктердин ортосунда жасалма никелердин көбөйүп жатканына тынчсызданууда.
Мындай учурларды аныктоо үчүн Түркиянын укук коргоо органдары мезгил-мезгили менен ар кандай рейддерди, текшерүүлөрдү жүргүзүп турат. Стамбул полициясы мындай операциялардын бирин акыркы жолу былтыр 28-ноябрда өткөрүп, анда 11 киши кармалган. Алардын арасында никени каттоого алган кызматкерлер, юридикалык фирмалардын кызматкерлери жана котормочулар болгон.
“Адам сатуу учурлары”
Өткөн жылдын декабрь айынын башында STAR телеканалынын Yeniden Başlasak ("Кайра баштайлы") программасында Рабия Гөкче жана Барно Челик аттуу аялдардын Спарта, Бурдур, Афьон жана Денизли провинцияларынан келген түрк күйөө балдарга 3 миң доллардан 10 миң долларга чейинки баада Өзбекстандан келиндерди тапканы баяндалган.
Телеберүүдө түрк күйөө балдар Рабия Гөкче менен Барно Челик таап берген өзбек келиндер алардын үйүндө бир нече күндөн бир нече айга чейин жашашып, кийин аларга берилген зер буюмдарын уурдап качып кеткенин айтышкан.
Ошол эле учурда программага катышкан өзбек келиндер да түрк жарандарына турмушка чыгууда көргөн көйгөйлөрү жөнүндө сөз кылган. Маселен, Өзбекстандын жараны Рабия Артыкова түрк күйөөсүнүн үйүндө зомбулукка кабылганын айтып, арызданган. Келиндин айтымында, күйөөсү үйгө дайыма мас абалында келип, аны сабап, көп учурда ачка калтырчу жана анын Өзбекстандагы туугандары менен телефон аркылуу сүйлөшүү сыяктуу майда өтүнүчтөрү күйөөсүнүн сексуалдык каалоосун канааттандыргандан кийин гана аткарылчу.
Бир нече телеберүүлөр чыккандан кийин түрк укук коргоо органдары Рабия Гөкче менен Барно Челикти камакка алышты. Учурда бул эки аялдын иши боюнча тергөө иштери уланууда.
Дагы караңыз "Кийиминен тааныдым". Түркияда кыргыз аялдын сөөгү токойдон табылдыТүркияда дайынсыз жоголуп же каза болгон, сексуалдык же эмгек кулчулугуна кабылган кыргызстандык кыз-келиндердин окуялары маалым.
Былтыр 27-декабрда жергиликтүү "Демирөрен" кабар агенттиги Анталияда үч айдан бери изделип жаткан кыргызстандык аялдын сөөгү табылганын кабарлаган.
Серик районундагы 200гө жакын коопсуздук камерасы иликтенген. Полиция дайынсыз кеткен аялдын уюлдук телефонуна келген чалууларды текшерип, шектүү делген 10 кишини суракка алган.
Көп өтпөй Серик районунун тургуну Э.Б. кыргыз аял анын таанышы болгонун, анын үйүнө келгенин, эртең менен өзү каза болгонун, аялдын сөөгүн көмүп салганын айтып, күнөөсүн моюнуна алган.
Түркияга барган борборазиялык аялдар киши колдуу болгон учурлар буга чейин да катталган.
Былтыр Түркиянын Измир шаарындагы батирлердин биринен төрт түркмөнстандык мигранттын сөөгү табылган. Жергиликтүү маалымат каражаттары түркмөн аял, анын эки кызы жана дагы бир түркмөн жигит мыкаачылык менен өлтүрүлүп, сөөктөрү муздаткычтан табылганын жазган.
2021-жылы октябрда Түркиянын Текирдаг аймагында жашаган 30 жаштагы кыргызстандык келинди кайнатасы мыкаачылык менен өлтүргөн. Кылмышка барган киши быйыл өмүр бою эркинен ажыратылды.
2020-жылы Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык кыз бейтааныш адамдын кол салуусунан каза тапкан.
2016-жылы Анталия шаарына бала багуучу болуп иштегени барган Малика катуу сабалып, эс-учун жоготкон абалда табылып, бир нече жолу башынан операция болгон.
"Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасына ылайык, Түркияда быйыл 386 аял киши колдуу болуп, жүздөгөн аялдын өлүмү иликтенбей калган. Алардын ичинен канчасы чет өлкөлүк кыз-келин экени айтылган эмес.