Баткенде сексуалдык зомбулук көргөн баланын иши парламентте көтөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 11-январдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева укук коргоо органдарына кайрылып, Баткенде сексуалдык зомбулукка кабылган баланын ишин көзөмөлдөөнү талап кылды. Депутат күч органдарын үй-бүлөлүк зомбулук окуяларына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

“Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Сай айылында тургуну кайрылган. Бир жылдан бери акыйкаттык таппай жатыптыр. Үйүндөгү жети жаштагы жалгыз уулуна карата өгөй атасы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганы боюнча кайрылат. Экспертизадан дагы далилденет. Бир жылдан бери укук коргоо органдарынан реакция болбой жатыптыр”.

Депутат айткан баланын иши боюнча милиция маалымат бере элек

Укук коргоочулар өлкөдө балдар зомбулугу көп катталып жатканын айтып келишет. 9-январда Жалал-Абад шаардык милициясы 14 жаштагы кыздын зордукталышы тууралуу арыздын негизинде териштирүү жатканын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев педофилияга айыпталгандарды өмүр бою эркиндигинен ажыратууну жана аларга мунапыс да берилбешин талап кылган мыйзам долбоорун сунуштоодо.

Акыйкатчынын кеңсеси 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган. (TSh)

Дагы караңыз

Депутат бир кишини абакта кармоого күнүнө 486 сом кетерин айтты