Депутат Баткенге бөлүнгөн 500 млн. сомдун дайынын сурады

Баткен. Капчыгай айылында жаңы курулган үйлөр. 7-декабрь, 2023-жыл

Жогорку Кеңештин 11-январындагы жыйынында депутат Камила Талиева Баткен облусун өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражат майнапсыз иштетилип жатат деп сындады. Талиева казынадан бөлүнгөн каражат эмнеге жумшалып жатканы боюнча талдоо керек экенин айтты.

“Баткен облусун өнүктүрүү программасы менен бөлүнгөн 500 млн. сомду өздөштүрүү боюнча айткым келет. Президент дагы акчаны өздөштүрүү боюнча көңүл бурса дейм. Айткандын оозу жаман болот экен. Даректүү, маңыздуу иш көзгө көрүнбөй жатат. Негизги максаты өнүктүрүү болгондон кийин ошого жараша долбоор болсо болмок. Жөн эле кумга сиңгендей болуп акча кетпеши керек. Бул каражатты өздөштүрүү боюнча жакшы анализ кылып бергиле”, - деди депутат.

Депутаттын пикири боюнча өкмөт жооп бере элек. Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджет эсебинен жылына 500 млн. сом акча каражаты бөлүнүп турат. 2023-жылы ал каражат толук берилип, өздөштүрүлгөнү кабарланган. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-сентябрь айларында Баткен облусуна жалпы 1,5 млрд сомдон ашык каражат берилген.

Кыргыз бийлиги соңку эки жылдан бери Баткен облусунун аймагында бир катар социалдык объектилерди куруп, инфратүзүмдү жакшыртуу аракетин көрүүдө. (TSh)

Дагы караңыз

Евробиримдик Кыргызстанга санариптештирүү тармагы үчүн 3 млн евро бөлдү