Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынат. Президент Садыр Жапаров тийиштүү буйрукка кол койгонун 9-январда Фейсбукка жазды.
Жарлыкка ылайык, кылмыш иши козголгон ишканалардан башка ишкердик субъектилерин, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар 2024-жылдын 31-декабрына чейин текшербейт. Жапаров муну бизнести мамлекет тараптан колдоо деп сыпаттады.
“Кызмат адамдары негизсиз, экономикалык кылмышы аныкталбай туруп эле (жасалма, уюштурма арыздар менен) ишкерлерге текшерүүгө келген болсо, Президенттин администрациясы аркылуу мага кайрылсаңыздар болот. Сөзсүз чара көрөбүз”, - деп жазды президент.
Кыргызстандын өкмөтү 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясы башталганына байланыштуу ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизген. Кийин ал узартылып жатып, 2022-жылдын 1-январына чейин күчүндө турду.
2023-жылдын аягына чейин ишкерлик чарбаларды текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылдын ноябрь айында кол койгон. Айрым депутаттар текшерүүлөрдү биротоло беш жылга чейин токтотууну сунушташкан. (SE)
Дагы караңыз
Ооганстанда тажик тектүү согушкерлердин башчысы дайынсыз болууда9-январь: Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берилди. Ферганада миңдеген үй жарыксыз калды Газадагы согуш 79 журналисттин өмүрүн алды Абактагы өлүм, жабык жайлардагы коопсуздук