Өзбекстандын Фергана облусунда беш миңдей абонент электр жарыгысыз калды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Фергана облусунда электр тармагындагы үзгүлтүктөн улам дээрлик беш миңдей абонент жарыксыз калды. «Азаттык» радиосунун маалыматына караганда, бүгүн 9-январда “L-Charxiy-2” электр түйүнүндө техникалык мүчүлүштүк жаралды.

Өлкөнүн Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, электр энергиясы Учкуприк, Багдад жана Бувайда райондорунда үзгүлтүккө учурады.

Адистер учурда оңдоо иштери жүрүп жатканын, жарык кечке маал берилерин билдирген.

Фергана облусу Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш тилкесинде жайгашкан, калкынын дээрлик 2 процентин кыргыз улутундагылар түзөт.

Өзбекстанда кыштын күнүндө электр жарыгы өчкөн окуялар буга чейин да катталган. (RK)

Дагы караңыз

Президент Ислам академиясын түзүү жөнүндө жарлык чыгардыБосния жана Герцеговина АКШ менен биргеликте аскердик машыгуу өткөрдүОлжобай Шакирдин сөздөрүнө экспертиза жасаган адис сотто көрсөтмө берди Түштүк Кореяда итти эт үчүн багууга тыюу салган мыйзам колдоо тапты