Жалал-Абадда милиция секелектин зордукталганы тууралуу арызды териштирүүдө

Жалал-Абад шаардык милициясы 14 жаштагы кыздын зордукталышы тууралуу арыздын негизинде териштирүү жүргүзүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, Аксы райондук Ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, анын 14 жаштагы кызы 2-январда Жалал-Абаддагы мейманканада зордукталганын билдирген. Райондук милиция арызды Жалал-Абад шаардык Ички иштер бөлүмүнө жолдогон.

Тиешелүү экспертиза дайындалып, кызды зордуктоого шектүү Сузак районунун Ырыс айылынын 30 жаштагы тургуну экени аныкталган. Текшерүү уланууда.

Акыйкатчынын кеңсеси 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган. (SE\TB)

Дагы караңыз

Босния жана Герцеговина АКШ менен биргеликте аскердик машыгуу өткөрдүОлжобай Шакирдин сөздөрүнө экспертиза жасаган адис сотто көрсөтмө берди Түштүк Кореяда итти эт үчүн багууга тыюу салган мыйзам колдоо тапты