Орусия: Белгороддо 300дөй киши эвакуацияланды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орус армиясы Украинанын аймактарына өтө жогорку ылдамдыктагы “Кинжал” ракеталары менен кайрадан сокку урду. Кеминде үч кишинин өмүрү кыйылып, 30дан ашуун адам жараат алып, жарандык инфратүзүмдөр жабыркаганы билинди. Ал арада Орусиянын Белгород облусунда 300дөй киши эвакуацияланганы кабарланды.