Парламенттин мурдагы депутаты Жеңишбек Бекболотовдун сөөгү Бишкекке коюлду

Бекболотовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты.

Кыргыз парламентинин мурдагы депутаты Жеңишбек Бекболотовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-январда Бишкекте өттү. Коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу оорудан улам 7-январда, 79 жашында көз жумганын президенттик администрация кабарлады.

Бекболотов 1990-1994-жылдары "Легендарлуу парламенттин” депутаты, 1996-жылдан 1999-жылга чейин суу чарба министри болгон.

Техникалык илимдердин кандидаты, курулуш, ирригация жана суу пайдалануу чөйрөсүндө жетишкендиктери үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган.

Маркумдун зыйнатына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, депутаттар, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка аткаминерлер катышты.

Дагы караңыз

Ош мэриясы Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосун бузууга киришти Министр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырдыКазакстанда алдамчылыкка шек саналган жаран Бишкекте кармалды