Кыргызстан Сауд Арабиясынан ажылык сапарга кошумча квота сурады

Замир кары Ракиев жана Абдель Фаттах бин Сулейман.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Арабиясынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушууда кошумча квота сурады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Замир кары Ракиев буга байланыштуу Сауд Арабиясына Муфтияттын атынан расмий кат тапшырылганын айтты. Тараптар 2024-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшту.

Сауд Арабиясы Кыргызстанга 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн 6060 квота бөлгөн.

Былтыр ноябрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2024-жылы ажылык сапарга барууну каалоочуларды каттоо аяктаганын кабарлаган. Муфтияттын сайтындагы маалыматка ылайык, ажыга баруучулар РСК банк аркылуу алгачкы төлөмдөрүн төлөштү. Ага ылайык, 13-ноябрга карата 6 524 адам 2 миң доллар өлчөмүндөгү төлөмдү жана миң сомдук кайтарымсыз акчаны банкка төккөн.

Муфтият дагы 500 адам резервде экенин билдирген.

Быйылкы ажылык сапардын баасы кыргызстандык жарандар үчүн 3900 долларды түздү. Ажылык зыярат июнь айында болот. (BTo)

Дагы караңыз

“Ала-Тоо” аянтына кайра парламент кабыл алган туу илиндиУкраина: Орусия үч ​​ракета жана 28 дрон менен чабуул койду"Ислам мамлекети" террордук тобу Кабулдагы жардырууну мойнуна алды Азия Кубогу-2024: Кыргызстандын футбол командасы Дохага барды