Чехиянын вице-премьери каргаша учурундагы майрам үчүн кечирим сурады

Чехиянын вице-премьери жана эмгек министри Мариан Юречка Прагада ондон ашуун адамдын өмүрүн кыйган каргаша маалында министрлик Рождество майрамын белгилегени үчүн кечирим сурады. Буга чейин оппозиция анын кызматтан кетишин талап кылган. Министрдин кечирим сураган билдирүүсү 7-январда телевидениеде көрсөтүлдү.

21-декабрда Карлов университетинде белгисиз адам аткан октон 14 адам каза болгон, кол салган киши өлтүрүлгөнүн полиция кабарлаган.

iDines басылмасы бул каргаша тууралуу кабардар болгонуна карабай министрликтин кызматкерлери майрамдык корпоративди уланта беришкен. Күбөлөр Юречка өкмөттүн чукул жыйынына катышып, ал жактан келип кайра майрамды улантканын билдиришкен.

Министр университеттеги кол салуу тууралуу кеч билгенин, кызматкерлердин отурушу кечки саат тогуздарда аяктаганын айткан. Жергиликтүү маалымат каражаттары университетте түштөн кийин саат үчтөрдө башталган атышуу түн жарымына чейин уланганын жазышкан.

Мариан Юречка кызматын тапшыруу маселесин карап чыгарын айтты. Чехиянын премьер-министри Петр Фиала бул жагдайга өкүнүп турганын билдиргенин Seznam Zprávy басылмасы кабарлады.

Карлов университетинин философия факультетинде 14 адамдын өмүрү кыйылган бул атышуу Борбордук Европадагы эң ири жапырт адам өлтүрүү болуп калды.

Дагы караңыз

“Ала-Тоо” аянтына кайра парламент кабыл алган туу илиндиБУУ: Газа өлүмдүн жана азаптын очогуна айланды Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель кызматын мөөнөтүнөн мурун тапшырат