Казакстандагы жарылууда үч киши набыт болду

Газ баллону. Иллсютрация.

Казакстандын Урал шаарындагы кафеде болгон жарылууда үч киши каза тапты. Экөө өзбекстандык, бири жергиликтүү тургун. Дагы алты адам жараат алганы тууралуу 7-январда кабарланды.

"Азаттыктын" өзбек кызматы окуя 5-январда Rizyq деген кафенин жаныда болгонун жазды. Баштапкы маалыматтарга ылайык, наавайканага орнотулган газ баллону жарылган. Ал жерди өзбекстандыктар ижарага алып, нан жана самса жаап сатып жүрүшкөн.

Былтыр 30-ноябрда Алматы шаарындагы жатаканадагы өрттө өзбекстандык 13 киши каза болгон.

Дагы караңыз

“Ала-Тоо” аянтына кайра парламент кабыл алган туу илиндиБУУ: Газа өлүмдүн жана азаптын очогуна айланды Түркиялык адистер "5000 жыл илгерки Энесай жазма эстелиги" деген жалган маалыматты сындады