"Социалдык келишим" долбооруна быйыл 2 миллиард сом бөлүнөт

"Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы сертификат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Социалдык келишим" долбооруна быйыл 2 млрд сом бөлүү, анын алкагында 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берүү каралып жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматында, соңку 1,5 жылдын ичинде аталган долбоорго жакыр жана колу жука 13 миңге жакын үй-бүлөгө тартылды. Алардын басымдуу бөлүгү (71%) каражатты айыл чарба багытында иш баштоого жумшады.

"Программага катышкан 12 800 адамдын 95,8% негизинен айыл жеринде жашаган аялдар. Бүгүнкү 13 миңдей бизнес-долбоордун ичинен 17 адам гана катуу оорунун жана башка күтүлбөгөн жагдайлардан улам долбоорду аягына чыгара алган жок", - деп жазылган маалыматта.

Аталган министрлик буга чейин "Социалдык келишимдин" негизинде ишкерлигин мыкты жүргүзгөн үй-бүлөлөргө 200 миң сомго чейин үстөк пайызсыз насыялар берилерин билдирген.

Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан тартып ишке ашырылып жатат.

Долбоордун катышуучусу "Үй-бүлөгө көмөк" же балдардын жөлөк пулунан баш тартат. Үч ай аралыгында жөлөк пул берүү токтотулуп, анын ордуна 100 миң сом сертификат берилет. Акчаны алган адам аны тиешелүү максатта иштете албай, жашоосу оңолуп кетпесе, мыйзам чегинде үч жылдан кийин кайрадан жөлөк пул алууга өтүнүч берүүгө укуктуу.

Дагы караңыз

Орусия аннексияланган Крым ракета менен аткыланганын билдирди Ден соолукту чыңдоо фондунун акчасы Президенттин иш башкармалыгына өттүАКШ: Жогорку Сот Трамптын шайлоого катышуу укугу жөнүндө арызын карайт