Путин Украинада орус тарапта согушкан чет элдиктерге жарандык берүү тууралуу жарлыкка кол койду

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада орус тарапта кызмат өтөгөн чет элдиктерге Орусиянын жарандыгын берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бүгүн 4-январда жарыяланган жарлык "Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө аскердик кызмат өтөө тууралуу келишимге кол койгон чет элдиктерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Орусиянын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө» деп аталат.

Анда Орусия өзү «атайын операция» деп атап келаткан Украинадагы согуш учурунда Орусиянын тарабында кызмат өтөө тууралуу келишимге кол койгон чет элдиктер жана алардын үй-бүлөсүнүн жакын мүчөлөрү жарандык ала алышары жазылды.

Мындай укук согушка катышып жаткан жеринен ден соолугуна байланыштуу же жаш курагынан улам кызматын токтоткондорго, келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн аягына чыккандарга да берилет.

Орусиянын Украинадагы 2022-жылдын февралынан берки баскынчылык согушунун катышуучуларына орус жарандыгын жеңилдетилген шартта берүүнү караган жарлыкка Путин 2023-жылдын жазында кол койгон. Өлкөнүн Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус паспорту бар туруп Украинадагы согушка катышкысы келбеген мигранттарды жарандыктан ажыратууну сунуш кылган.

Кыргызстандын миллионго чукул жараны Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Орусиянын жаза өтөөчү жайларында отурган кыргызстандыктарды мурда "Вагнер" компаниясы Украинадагы согушка азгырып келгени белгилүү. "Азаттык" урушта кеминде ондон ашуун кыргызстандык набыт болгонун тактаган. (RK)

Дагы караңыз

“Абактан кордук көрүп, айласыз баргам”. Нарында “вагнерчи” соттолду Иран: көрүстөндөгү кош жардыруу 84 кишинин өмүрүн алдыКазакстанда орус телеканалдары тартпай калдыКечки Азаттык (1-чыгарылыш)