2023-жылы 146 миңден ашык балага сүйүнчү берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2023-жылы 146 миң 633 балага 584 миллион сом “балага сүйүнчү” жөлөкпулу берилди. Анын ичинен үч эм жана андан көп төрөлгөн 28 балага 1,4 миллион сом төлөндү.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Ымыркай төрөлгөндө “балага сүйүнчү” деп аталган жөлөкпул – 4000 сом берилет. Ал эми үч же андан көп төрөлгөн учурда 50 миң сом. Министрликтин маалыматында, 2022-жылы 130 миң 200 балага 522 миллион сом төлөнгөн.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына шилтеме берип, Кыргызстанда акыркы төрт жылда төрөт азайып кеткенин айтып чыккан. Анын маалыматында, 2019-жылы төрөлгөндөрдүн саны 173 484, 2020-жылы 158 112 (15 миң адамга аз), 2021-жылы болсо 150 164 (дагы 8 миң кишиге аз) тѳрѳлгѳн.

Камила Талиева мындан ары мамлекет үй-бүлөдө төрөлгөн 3-балага артыкчылык берүү жана андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөрдүн балдарын камкордукка алуу саясатын жакшыртууга чакырган.

2023-жылы тогуз айда Кыргызстандын калкынын саны 92 800 адамга көбөйгөн. Жыйынтыгында быйылкы жылдын октябрына карата өлкөдө элдин саны 7 млн 130 миң адамга жетти.

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында былтыр 19-октябрда төрөлгөн. Кыргызстан калкынын санынын өсүшү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат. (TSh)

Дагы караңыз

ТИМ Казакстанда бармак изин тапшыруу мыйзамы күчүнө киргенин билдирди