31-декабрь: Курулуш компанияларынын документи ачык болот, Шенген зонасы дагы кеңейет

Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

31-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Украинанын бир катар аймагында 1-январь Аза күтүү күнү болот

1-январь Украинанын борбору Киевде жана 29-декабрда Орусиянын чабуулунан жай тургундары мерт кеткен бир катар башка шаарларында да Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

29-декабрда Украина согуш башталгандан бери эң оор чабуулдардын бирине кабылган. Бул күнү Орусия анын бир катар аймагын болгон куралы менен аткылады, жалпысынан 40ка жакын жай тургунун өлтүрдү, 150дөн ашуун кишини жарадар кылды. Киев, Львов, Одесса, Харьков, Запорожье, Днепр шаарларына орус армиясы ракетанын ар кандай түрлөрү, дрондор менен сокку урган.

30-декабрда Орусия чек арадагы Белгород шаары ракеталык чабуулга кабылганын маалымдады. Соңку расмий кабарлар боюнча, каза болгондор 24кө жетти, 100дөн ашуун адам жараат алды, 40тай көп кабаттуу үй, 50 чакты автомашина талкаланып, өрттөлдү.

Израил Газадагы аскердик операциясын улантууда

Израил армиясы Газа секторундагы аскердик операциясын улантууда. Reuters агенттиги бүгүн 31-декабрда маалымдагандай, Газанын түштүк жагындагы аймактарды кара түтүн каптап турду, анклавдын борбордук бөлүгүндө да, качкындар жайгашкан Ал-Магази жана Ал-Бурейж лагерлерине жасалган аба соккусунан кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылды, бир топ адам Рафах шаары көздөй бет алышты.

Газаны тышкы дүйнө менен байланыштырган жападан жалгыз маршрут Египет менен чек арасындагы Рафах шаары. Ал жер азыр бул анклавдын кан төгүлүп жаткан башка бөлүктөрүнөн качып барган жай тургундарга жык толуп, гуманитардык каатчылык жаралып турат. Израил Газа ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) колунан бошотулмайынча тынчтык орнобой турганын белгилөөдө.

Ташиев криминалга каршы күрөш аягына чыгып калганын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "мындан ары өлкөдө криминалдык топтор, "мыйзамдагы уурулар" болбойт" деп белгиледи.

"Кримтөбөл" деп таанылган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын билдирген. Жетимиштен ашык адам Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, бажыда миллиондогон доллар уурдалган коррупцияны уюштурганын сотто моюнуна алган Райымбек Матраимов менен жашыруун байланышта иштешкени аныкталган.

Курулуш компанияларынын ачык реестри түзүлөт

Курулуш тармагында иштеген компанияларга лицензия берүү тартибин жеңилдетүү каралып жатканын Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди. Ал курулуш компанияларынын лицензиясын кайтарып алуу иши да жеңилдей турганын айтып, муну мамлекеттин көзөмөлүн күчөтүү чарасы катары белгиледи.

Жетекчи өлкө боюнча 6 миңдей компанияга лицензия берилгенин, учурда алардын 400дөйү гана иштеп жатканын кошумчалады. Турак жай сатып алууда текшериле турган документтер үчүн атайын ачык реестр түзүлө турганын да кабарлады.

Еврошаркет Болгария менен Румынияны Шенгенге кабыл алды

Европа Биримдигинин Кеңеши Болгарияны жана Румынияны Шенген аймагына жарым-жартылай кошуу тууралуу чечим кабыл алды. Келерки жылдын март айынан тартып эки өлкөнүн Шенген келишимине мүчө өлкөлөр менен аба жана деңиз чек ара тилкесинде чек ара көзөмөлү жоюлат. Ал эми жердеги чек арасындагы көзөмөлдү токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр дагы уланат. Бул боюнча чечим да анча узабай турганы маалымдалды.

Еврошаркет аталган эки өлкөнү Шенген аймагына кабыл алуу туризм жана соода-сатык алакасын кеңейтүүгө шарт түзөрүн айтууда, София менен Бухарест чет өлкөлүктөргө Шенген визасын берүүгө уруксат алабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Чет элдик авторлордун кыргызча которулган жомоктору жыйнак болуп чыкты

Бишкектеги "Турар" басмаканасы чет элдик авторлордун 11 китебинен турган жомоктор жыйнагын чыгарды. Басмакана билдиргендей, китептердин лицензиясы сүрөттөрү менен кошо чет элдиктерден сатылып алынып, чыгармалар кыргыз тилине которулган. Долбоордун демилгечилери чет элдик жомокторду кыргызчага которуу менен балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, алардын эне тилин билишине салым кошуу максаты коюлганын билдиришти.