Израил Газадагы кармашы дагы көпкө уланарын билдирди

Газа.

Израил армиясы Газа секторундагы аскердик операциясын улантууда. Reuters агенттиги бүгүн 31-декабрда маалымдагандай, Газанын түштүк жагындагы аймактарды кара түтүн каптаганын көрүүгө болот.

Анклавдын борбордук бөлүгүндө да, качкындар жайгашкан Ал-Магази жана Ал-Бурейж лагерлерине жасалган аба соккусунан кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылды, бир топ адам Рафах шаары көздөй бет алышты.

30-декабрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСка (АКШда Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган) каршы согуштук аракеттер азыркы тапта курчуп турганын, Газанын Египет менен чектешкен тилкесин израилдик армия өз көзөмөлүнө алууга мажбур экенин, кармаш дагы көп айга уланарын айткан.

Газаны тышкы дүйнө менен байланыштырган жападан жалгыз маршрут Египет менен чек арасындагы Рафах шаары. Ал жер азыр бул анклавдын кан төгүлүп жаткан башка бөлүктөрүнөн качып барган жай тургундарга жык толуп турат. Гуманитардык каатчылык жаралып, чатырларга батпаган качкындардын көбүнүн күнү көчөдө өтүүдө.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 21 800 адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 170тей аскери окко учканын билдирүүдө. (RK)

Дагы караңыз

1-январь Украинанын бир катар аймагында Аза күтүү күнү деп жарыяландыКечки Азаттык (1-чыгарылыш) Еврошаркет Кеңеши Болгария менен Румынияны Шенгенге кабыл алдыБалдар үчүн 11 китептен турган кыргызча жомоктор жыйнагы чыкты