1-январь Украинанын бир катар аймагында Аза күтүү күнү деп жарыяланды

Украина.

1-январь Украинанын борбору Киевде жана 29-декабрда Орусиянын чабуулунан жай тургундары мерт кеткен бир катар башка шаарларында да Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Киевдин мэри Виталий Кличко бүгүн 31-декабрда билдиргендей, Орусиянын бул чабуулу жай тургундар арасында эң көп өмүрдү кыйган сокку болуп калды.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, ошол күнкү ракеталык соккудан каза болгондор Киевде 23кө жетти, урандылар алдынан сөөктөрдү алып чыгуу иштери уланууда.

31-декабрга караган түнү Орусия Украинанын Харьков, Херсон, Николаев жана Запорожье облустарына дрон жана С-300 ракеталары менен сокку урганын украиналык аскерлер кабарлашты.

29-декабрда Украина согуш башталгандан бери эң оор чабуулдардын бирине кабылган. Бул күнү Орусия анын бир катар аймагын болгон куралы менен аткылады, жалпысынан 40ка жакын жай тургунун өлтүрдү, 150дөн ашуун кишини жарадар кылды. Киев, Львов, Одесса, Харьков, Запорожье, Днепр шаарларына орус армиясы ракетанын ар кандай түрлөрү, дрондор менен сокку урган.

30-декабрда Орусия чек арадагы Белгород шаары ракеталык чабуулга кабылганын маалымдады. Соңку расмий кабарлар боюнча, каза болгондор 24кө жетти, 100дөн ашуун адам жараат алды, 40тай көп кабаттуу үй, 50 чакты автомашина талкаланып, өрттөлдү.

Орусиянын бир нече шаары Белгородго тилектештигин билдирип, Жаңы жылдык майрамдык иш-чараларын токтотту. (RK)

Дагы караңыз

Еврошаркет Кеңеши Болгария менен Румынияны Шенгенге кабыл алдыБалдар үчүн 11 китептен турган кыргызча жомоктор жыйнагы чыкты Жыл ичиндеги саясий мемдер 2023-жыл: Камоолор, кургакчылык, өзгөргөн туу