Еврошаркет Кеңеши Болгария менен Румынияны Шенгенге кабыл алды

Европа Биримдигинин Кеңеши Болгарияны жана Румынияны Шенген аймагына жарым-жартылай кошуу тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечим, Европа комиссиясынын сайтындагы маалыматка караганда, 30-декабрдагы отурумда бир добуштан кабыл алынды.

Келерки жылдын март айынан тартып эки өлкөнүн Шенген келишимине мүчө өлкөлөр менен аба жана деңиз чек ара тилкесинде чек ара көзөмөлү жоюлат. Ал эми жердеги чек арасындагы көзөмөлдү токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр дагы уланат. Бул боюнча чечим да анча узабай турганы маалымдалды.

Шенгенге жарым-жартылай кабыл алуу тууралуу чечим Европа Биримдигинин тарыхында алгачкы жолу кабыл алынып олтурат.

Болгарияны кошууга Венгрия каршы болуп, макулдугун жакында эле берди. Анын алдында болгар бийлиги расмий Будапешттин басымынан кийин орусиялык газдын транзити үчүн төлөмдү алып салууга мажбур болгон.

Еврошаркет аталган эки өлкөнү Шенген аймагына кабыл алуу туризм жана соода-сатык алакасын кеңейтүүгө шарт түзөрүн айтууда, София менен Бухарест чет өлкөлүктөргө Шенген визасын берүүгө уруксат алабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Болгария жана Румыния Еврошаркетке мүчө болуп 2007-жылы кабыл алынышкан. Еврокомиссия аларды Шенген аймагына интеграциялоого даярдыгын 2011-жылы эле билдирген, бирок биримдиктин айрым мүчөлөрү бул эки өлкөдө коррупция бар экенин, алар чек аранын коопсуздугун камсыз кыла албай турганын жүйө келтирип келишкен. Австрия жана Нидерланд өлкөлөрү мыйзамсыз миграция агымы күчөйт деген да кооптонуусун айткан. (RK)

Дагы караңыз

Балдар үчүн 11 китептен турган кыргызча жомоктор жыйнагы чыкты Жыл ичиндеги саясий мемдер 2023-жыл: Камоолор, кургакчылык, өзгөргөн тууТашиев "өлкөдө криминалга каршы күрөш аяктап калганын" билдирди