Дүйнөгө белгилүү 11 жомоктон турган жыйнакты Бишкектеги "Турар" басмаканасы чыгарды.
Аталган басмаканадан билдиришкендей, китептердин лицензиясы сүрөттөрү менен кошо чет элдик компаниядан сатып алынып, кыргыз тилине которулган.
Түстүү иллюстрациялар менен коштолгон белгилүү жомоктордун топтому Жонатан Свифттин "Гулливердин саякаты", Феликс Зальтендин "Бэмби", Редьярд Киплингдин "Маугли", Люис Кэрролдун "Алиса укмуштар дүйнөсүндө", Жанна-Мари Лепренс де Бомондун "Айсулуу менен желмогуз", Филипп Пулмандын "Алладдин жана сыйкырдуу чырак", Шарль Перронун "Өтүкчөн мышык", "Кызыл топучан кыз", Ханс Кристиан Андерсендин "Түрү суук өрдөк", Карло Коллодинин "Пиноккио", Бир тууган Гриммдердин "Рапунцел" чыгармаларын камтыйт.
Китеп чыгаргандар чет элдик жомокторду кыргызчага оодаруу менен балдардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу, алардын эне тилди билишине салым кошууну көздөп жатканын билдиришти.
Жыйнак азыр башкалаадагы китеп дүкөндөрүндө жана оюнчук саткан дүкөндө сатылууда.
Дагы караңыз
“Азаттык” - элеттеги элдин үнү! 2023: Кайдыгер коомдогу кор болгон аялдар2023-жыл: Камоолор, кургакчылык, өзгөргөн туу