Бүгүн, 31-декабрда Кыргыз Республикасынын эл акыны Сүйөркул Тургунбаевдин сөөгү жерге берилди. Акын менен коштошуу зыйнатына өкмөттүн өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана жакындары катышты.
Сүйөркул Тургунбаев 29-декабрда 84 жашында узакка созулган оорудан дүйнө салган. Анын сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.
"Кечки троллейбус", "Замандаштын дүйнөсү", "Жарыктын ыры", "Эки аска" өңдүү ондогон китептердин автору Тургунбаев 1940-жылы Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында туулган.
1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөндөн кийин эмгек жолун 1964-жылы Алай районундагы мектепте орус тили, адабияты жана чет тили саба-гынан мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1966-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1970–1984-жылдары «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, 1986–1988-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында сын боюнча адабий кеңешчи болуп иштеген.
Дагы караңыз Сүйөркул Тургунбаев - жылдыздуу муундун соңку алпыАнын алгачкы ыр жыйнагы «Бизде баары сүйлөйт» деген ат менен 1966-жылы басылып чыккан. Ал В.Маяковскийдин, М.Ю.Лермонтовдун, И.Чавчавадзенин, Я.Шивазанын ырларын, моңгол элдик поэзиясын ж.б. кыргызчага которгон.
Дагы караңыз
Белгороддогу аткылоодон каза болгондор 20га жеттиАба ырайы: туман каптайт, жолдор тайгак болот Бишкекте кампалардын биринен өрт чыктыОрунтаев курулуш компанияларына лицензия берүү жана жокко чыгаруу тартиби жеңилдерин айтты