Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев каза болду

Шухрат Айтиев.

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев 31-декабрда оорудан улам каза болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

39 жаштагы Айтиевдин артында жубайы, төрт баласы калды. Ал Бишкектеги ооруканада үзүлгөнү айтылды.

Шухрат Айтиев 2023-жылы июнда акыйкатчынын орун басары болуп дайындалган. Ага чейин Жалал-Абад облусунун журналистика борборунун директору, Жогорку Кеңеште бөлүм башчысы, Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин директору кызматын аркалаган.

Айтиев 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинин психология адистигин, 2018-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.

Эмгек жолун 2002-жылы Баткендеги “Салам” радиосунда журналист болуп баштаган.

Анын сөөгү 1-январда коюлат, коштошуу зыйнаты Жалал-Абад шаарында өтөт.

Дагы караңыз

Белгороддогу аткылоодон каза болгондор 20га жеттиАба ырайы: туман каптайт, жолдор тайгак болот Орунтаев курулуш компанияларына лицензия берүү жана жокко чыгаруу тартиби жеңилдерин айтты Бишкекте кампалардын биринен өрт чыкты