29-декабрь: депутаттын маеги талкууга түштү, Израил Газага чабуулун улантты

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарынын үстүнө жөөт армиясынын соккусунан кийин көтөрүлгөн түтүн. 25-декабрь, 2023-жыл.

29-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Депутаттын маеги талкууга түштү

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айгүл Айдарова “президенттин жасап жаткан жакшы иштерин көрбөй сынга алган күнөө” деп эсептейт. Депутат “эл мамлекет башчыны колдогон сайын ал күчтөнүп, жакшы иштейт” деп билдирди. Анын бул сөзү коомдо сынга кабылды. Ал буга чейин мектепте окуучуларга ысык тамак берүүнү токтотуу демилгесин көтөрүп, “өзү арыктан суу ичип, катуу нан жеп эле чоңойгонун, эч ким өлбөгөнүн” айткан.

Дагы бир курулушчу тергөө абагынан чыкты

“Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматовдун бөгөт чарасы эч жакка чыкпоого алмаштырылып, тергөө абагынан бошотулду. Мындай токтомду Октябрь райондук соту 27-декабрда чыгарганы белгилүү болду. “Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөндөн кийин чоң-чоң курулуш компанияларынын ээлери камалган. Алардын айрымдары үй камагына чыкты.

Тууга тиешелүү дагы бир демилге

Кыргызстандын мамлекеттик туусун жана гербин кийим-кечелерге, анын ичинде ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев жазып, 28-декабрда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду. Документтин маалымкат-негиздемесинде кийим-кечелерге мамлекеттик символдордун сүрөттөрүн коюу алардын баркын түшүрөрү, ушундан улам Министрлер кабинети мамлекеттик символдордун сүрөтүн түшүрүүгө болбой турган нерселердин тизмесин түзүү керектиги жазылган. Кыргызстандын желеги 26-декабрда өзгөртүлгөн.

Кыргызстандын биринси туусу (солдо) жана жаңы желек (оңдо).

Израил Газага чабуулун улантты

Израил Газа секторунун борбордук жана түштүк бөлүгүнө чабуулун улантты. Бул аймакта он миңдеген палестиналык баш калкалап отурат. Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан соңку бир сутка ичинде 200дөй адамдын, ал эми 29-декабрга карата жалпысынан 21 320 адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды. Израил ХАМАСтын (АКШда Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган) 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 169 аскери окко учканын билдирүүдө.

Рахмонго 120 жолу кол чабылды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 28-декабрда парламентке жана өкмөткө жасаган жылдык кайрылуусунда залда отургандардын аны коштоп кол чабуусу жалпысынан дээрлик жарым саатка жеткени талкуу жаратууда. “Озоди” радиосунун маалыматына караганда, 3 саат 10 мүнөттүк сөзүндө Рахмонго 120 жолу, жалпы эсептегенде 22 мүнөт кол чабышкан.

Астана “Талибанды” террордук уюмдар тизмесинен чыгарат

Казакстан Ооганстанда бийлик башында турган “Талибан” кыймылын тыюу салынган уюмдар тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. “Талибанга” бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган. Казакстандын Жогорку сотунда мындай чечим 2005-жылы 15-мартта кабыл алынган. Ооган бийлиги талибдердин колуна өткөн 2021-жылдан бери Астана бир нече жолу Кабулга расмий делегацияларын жөнөткөн, Ооганстандын жаңы бийлиги менен байланышка, мисалы, гуманитардык көйгөйлөрдү чечүүгө жардамдашууга дярдыгын билдирген. “Талибанга” Кыргызстанда да тыюу салынган.