Казакстанда "НеМолчи.kz" фондунун жетекчисине издөө жарыяланды

"Немолчи.kz" фондунун жетекчиси Дина Смаилова

Казакстандын Ички иштер министрлиги "НеМолчиKZ" фондунун негиздөөчүсү Динара Смаиловага (Дина Тансари) издөө жарыялады.

Жергиликтүү басылмалардын маалымдашынча, издөө иштери 2023-жылдын 27-декабрында Чыгыш Казакстан облусунун ички иштер бөлүмүндө катталган.

Буга чейин Смаиловага алдамчылык шеги менен кылмыш иши козголгону кабарланган.

Күзүндө Дина Смаилова эки жылдан бери үй-бүлөсү менен жашап келген Грузияга киргизилбегени маалым болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, Смаилова азыр Европа мамлекеттеринин биринде саясий башпаанек берүү чечимин күтүп жатат.

Дина Смаилова – аялдардын, анын ичинде зордук-зомбулукка кабылгандардын укуктарын коргогон #NeMolchi.kz фондунун жетекчиси. Бул жылы фондду Грузияда расмий каттоодон өткөрүп, салык органдарынан жана өлкө бийлигинен уруксат алган.

Дагы караңыз

Эл аралык рейтингдер: Кыргызстандын көрсөткүчү кандай өзгөрдү? Евронун негиздөөчүсү Жак Делор дүйнө салдыУКМК Жалал-Абадда теракт жасоого шек саналып эки адам кармалганын билдирдиПрезидент инвесторлорду алдап кеткен фактылар бар экенин айтты