Казакстанда кардуу бороондо калып, дайыны белгисиз болуп жаткан пенсионер аялдын жана 11 жаштагы небересинин сөөгү табылганын бүгүн 27-декабрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак кызматы өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Костанай облустук башкармалыгынын маалыматына таянып кабарлады.
Мекеме билдиргендей, алар 26-декабрда эртең менен Костанай районунун Айсары айылдык округуна караштуу Степное айылынан чыгып, Айсары айылына Костанай аркылуу бармай болушкан. Костанайдан азык-түлүк сатып алышмак.
Ошол күнү аймакты катуу бороон каптап, жүзгө жакын айыл электр жарыгысыз калган.
Аялдын жана небересинин сөөгү өзүлөрү жашаган айылдын четинен 27-декабрда табылды.
Полиция алар бороондо үшүп каза болгонун билдирди.
Костанай Казакстандын түндүк-батышында жайгашкан аймак. Кышкысын ал жакта суук катуу болот.
Дагы караңыз
Абактагы Бектур Асанов ооруканага жаткырылат Жамгырчиевдин иши: комиссиянын жыйыны жабык өтүүдөКечки Азаттык (2-чыгарылыш) Газанын согуштан кийинки келечеги кандай болот?