Тажик-ооган чек арасындагы базарлардын бешинчиси кайра ачылды

Тажик-ооган чек арасындагы базар.

Тажикстандын Ооганстан менен чек арасында дагы бир базар кайрадан ишин уланта баштаганын 26-декабрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматы маалымдады. Тажикстандын Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин району менен Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Хохон уезди чектешкен тилкедеги «Шохон» базары, ушуну менен, тажик-ооган чек ара аймагында ишин уланткан бешинчи базар болуп калды.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара 1400 км түзөт. Ортодогу алгачкы базарлар 2006-жылы өкмөттөр ортосундагы макулдашуунун негизинде ачылып, иштей башташкан. Бирок 2020-жылы коронавирус пандемиясына жана 2021-жылы Ооганстанда бийликке «Талибандын» (көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Тажикстанда, Кыргызстанда тыюу салынган уюм) келишине, бул уюмду тажик бийлиги таануудан баш тартып койгондугуна байланыштуу чек арадагы базарлар жабылып калган.

Тажик президенти Эмомали Рахмон бул базарларды кайрадан ачуу тууралуу чечим кабыл алынганын быйыл август айында Хорог аймагына иш сапар менен барганда айткан.

Шамсиддин Шохин районунун бийлик өкүлү Хорун Мустафоевдин айтымында, эки өлкөдөн жүздөгөн соодагерге товарын сатууну улантууга мүмкүнчүлүк түзүлүп олтурат.

«Ишемби сайын коңшу Ооганстандын тургундары бажы жана чек ара өткөрмө бекеттеринен өтүп келип, товарын сатыкка коюп, кайра Тажикстанда өндүрүлгөн товарлар менен азык-түлүктү алып кетип жатышат», - деди Мустафоев.

Расмий маалымат боюнча, быйыл жыл башынан бери Тажикстан менен Ооганстан ортосунда товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 85,5 млн доллар түздү, анын 99% – Тажикстандан Ооганстанга кетип жаткан продукция, айрыкча электр энергиясы. Ооганстанга тажик тараптан цемент жана тамак-аш да экспорттолот.

Кыргызстан Тажикстан менен түштүк тарабынан чектешет. Чек ара тилкеси толук такталып бүтө элек. (RK)

Дагы караңыз

Казакстанда мунай кениндеги өрт дээрлик жети айдан кийин өчүрүлдүИзраилдин премьер-министри Газадагы согушту токтото турган үч шартты атады Туу мыйзамы күчүнө кирди, туңгуч желекти алгандар көбөйдү Кечки Азаттык (1-чыгарылыш)