Жаңы жылдык майрамдагы эс алуу бир жумага созулат

Кыргызстандын Министрлер кабинети Жаңы жыл, Нооруз жана Май айындагы майрамдардагы эс алуу күндөрүн жылдыруу боюнча токтом кабыл алды.

Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар үчүн 1-январдан 7-январга чейин эс алуу деп жарыяланды. Ортодогу беш иш күнү түрдүү дем алыш күндөрүнө алмаштырылды:

2-январдагы иш күнү үчүн 8-январдагы дем алыш күнү иш болот.
3-январь - 27-январь ишембиге;
4-январь - 2-март ишембиге;
5-январь - 2-сентябрь ишембиге жылдырылды.

Министрлер кабинетинин токтому менен Нооруз майрамын майрамдоодо 4 күндүк эс алуу болот. 22-март - жума 8-апрелге жылдырылат.

Май майрамдары учурунда 2-май 6-май ишембиге;
3-май 11-май ишемби күнгө жылдырылат.

Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, майрам күнү дем алыш күндөргө туш келсе, кийинки иш күнү дем алыш болот. (ZKo)

Дагы караңыз

Экологиялык апаат: Каспий тартылып, балык азайдыЖалал-Абадда окуучу бычакталган окуя иликтенип жатат Жалал-Абадда сасык тумоого каршы берилген вакцина жетпейтАтазовдун шайлоо кампаниясында иштеген делген эки адамга өкүм чыктыАба ырайы: 27-декабрда жаан, кар жаайт