Белградда бийликке нааразы студенттер көчөлөрдү жети саат бөгөп турушту

Белградда оппозицияны колдоп көчөгө чыккан эл. 25-декабрь, 2023-жыл

25-декабрда жүздөгөн студент Белграддын өкмөттүк имараттар турган борбордук көчөлөрүн тороп турушту. Алар Өз алдынча башкаруу министрлигинин алдына чыгып, шайлоо бурмаланды деп, бийликтен добуш бергендердин тизмесин көрсөтүүнү талап кылды.

Министрлик шайлоодо эч кандай мыйзам бузуу болбогонун, оппозициянын айыптоосу "ойдон чыгарылган нерсе" экенин билдирди.

Нааразылык акциясы жети сааттай созулуп, Белграддын студенттерине Нови-Сад шаарындагы студенттер да кошулду.

17-декабрда өткөн шайлоого көз салган жергиликтүү жана ЕККУ баштаган европалык байкоочулар добуш берүүнүн таза өткөнүнөн күмөн санай турганын билдирген.

Сербиянын президенти Александр Вучич 24-декабрдын кечинде өкмөттүк Pink TV каналына "мамлекеттик мекемелерди күч менен басып алуу аракети" болгонун айтып, наарызылык акциялары “алдын ала даярдалганын көрсөткөн” бардык далилдер бардыгын кошумчалады.

Вучич демонстранттарды "баш кесерлер" деп атап, "башаламандыктар чет жактан даярдалган" деп, бирок ага эч кандай далил келтирген жок.

Жекшембиде оппозициянын лидерлери Белград мэриясынын имаратына кирип, балкондон чогулгандарга кайрылууга бет алганда демонстранттар менен полиция кагылышты. Бир нече киши жана полиция кызматкерлери жабыркап, 38 адам кармалды.

Расмий маалыматка ылайык, Сербияда парламенттик шайлоодо президент Вучичтин партиясы 47% добуш алды. Экинчи орунга "Сербия зомбулукка каршы" блогу 23% добуш менен чыкты. Үчүнчү орунга 7% добуш менен Сербиянын Социалисттик партиясы илинди.

Дагы караңыз

Блогер Адилет Балтабай кайра кармалды HRW бийликти Жоробековдун укугун коргоого чакырдыГаза: Израилдин соккусунан 70тей киши набыт болдуПутин согушту токтотууну ойлонуп жатабы?