Украина: Херсонду аткылоодо төрт адам каза болду

Херсон облусу.

Жекшембиге караган түнү Орусия армиясы Херсондун борборун аткылады. Херсон облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин турак үйлөргө тийген ракетадан жашы өтүп калган аял-күйөөсү каза болгонун билдирди. Коңшу райондон урандылардын арасынан дагы эки кишинин сөөгү табылды.

Тогуз жайкын тургун жараат алды, арасында бир бала бар. Бул түнү Херсонго 71 жолу сокку урулган.

Украинанын аскер күчтөрү 24-декабрда "Шахед" учкучсуз аппараттары менен бир нече олбустарга чабуул жасалганын билдирди. 15 соккунун 14үн абадан коргонуу системасы атып түшүргөн. Бир күн мурун да Херсон аймагы аткылоого кабылып, айрым имараттар талкаланып, өрт чыккан. Жабыркагандар кабарланган эмес.

Орусия аскерлери Украина аймагын күн сайын аткылап жатат. Орус Коргоо министрлиги аскер жайларына сокку уруп жатканын айтып келет.

Москва Украинага 2022-жылдын февраль айында кол салган. Андан бери жүздөгөн жайкын тургундардын өмүрү кыйылды.

Дагы караңыз

ИИМ убактылуу кармоочу жайларда кыйноо жоюлганын билдирди