Германия Украинага аскердик жардам берди

Gepard танкы. Киев облусу, 2023-жылдын ноябрь айы.

Германия өкмөтү Украинага үч Gepard зениттик жабдык, он Vector чалгындоочу учкучсуз учак жана Leopard 2A6 ок-дарылар камтылган аскердик жардам берди. Бул тууралуу немис өкмөтүнун сайтында кабарланды.

Украинага аскердик жардам 14-декабрда жиберилген. Анда Patriot абадан коргоо системасы, ок-дарылар, жол тандабастар жана минага каршы машиналар да бар.

Германия Украинага аскердик жардам берүүдө АКШдан кийинки мамлекет болуп калды. Берлиндин маалыматында, Орусия Украинага басып киргенден бери Киевге 24 миллиард евродой аскердик жардам берилди.

Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери НАТО өлкөлөрү миллиарддаган доллар аскердик, финансылык жана гуманитардык жардам жөнөтүп келет.

Орусия Украинага 2022-жылдын февраль айында кол салган.

Дагы караңыз

Бокс: Дмитрий Бивол британиялык Линдон Артурду жеңди